БООРУН КөТөРүү
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чоңоюу, өсүп жетилүү, өз алдынча боло баштоо. Ушулардын боорун көтөрүп, жүдөбөй, ачкачылыктан өлүп калбай торолуп кетүүсүн самайт (Осмоналиев). Биз турмушка боорубузду көтөрө электе кирип, эрте жетилип калдыкпы дейм (Жусупов). 2. Турмуш-шарты оңолуу, тирденүү, Уулун колунан жетелеп жүрүп, боорун көтөрүп, эптеп орус мугалиминин жардамы аркасында окууга киргизет (Бейшеналиев). В.: Боорун жерден көтөрүү. Балдар боорун жерден көтөрө албай жатып чыркырап ыйлап калабы? (Абдукаимов). Боорумду жерден көтөрбөй, Кыргыздын кыйрын аралап... (Токомбаев). Боорун жерден алуу. Боорун жерден алгандан тартып, энесинин артынан ээрчип, алынын жетишинче кол кабыш кылууда (Байтемиров).